Негизделген жылы1996 | Башкы кеңсеси | г. Бишкек, ул. Уметалиева, д. 105 |
Телефон | +996 (312) 902-902, +996 (312) 392-392 | |
КР Улуттук банктын лицензиясы№ 032, 032/1 | Сайт | www.tolubaybank.kg |
reception@tolubaybank.kg |
«Толубай» банкы 1996-жылдын 24-январында 14 жеке адам тарабынан 5 млн. сом баштапкы капиталы менен түзүлгөн. 1996-жылдын 24-январында он төрт негиздөөчүсү –«Толубай» акционердик коммерциялык банкын түзүштү. Банк түзүү жөнүндө кыялга негиздөөчүлөр дароо эле келишкен жок.
«Толубай» АКБ өзү иштеген биринчи күндөн баштап иштин төмөнкү принциптерин негиз кылып алды:
Жаңы багыттарды өздөштүрүүдөгү аябай кылдаттык
Кардарлар менен ишкердик сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүдө максималдуу ийкемдик
Дайыма изденүү, кызматтардын жаңы, альтернативалуу түрлөрүн ишке киргизүү
Банктын жетекчилиги менен ишкердик баарлашуунун жеткиликтүүлүгү
Эң алгачкыдан баштоо менен, Банк, эски экономикалык системанын эрежелери жана догмалары менен чектелбестен, өз каада-салттарын түзө алды, ошондой эле ишке карата принциптүү жаңы мамилелерди иштеп чыгып жана кесиптик жамаатты тарбиялай алды.
«Толубай» АКБсынын стратегиялык линиясы КРУБ талаптарын, дүйнөлүк стандарттарды жана акционерлердин каалоосун эске алуу менен уставдык капиталдын бара-бара өсүш динамикасы болуп саналат. Өз ишмердигинин жылдары Банк Уставдык капиталын 5 млн.сомдон 235 млн.сомго чейин көбөйттү. Банктын киреше өлчөмүнүн бир топ өсүшү, жогорку кесипкөй, ишенимдүү ишкер өнөктөш катары кадыр-баркка жетүү жана чыңдоо – мунун баарысы банк кызматкерлеринин талыкпас эмгегине, майда ишкерлерден баштап ири кампанияларга жана мамлекеттик структураларга чейин ар бир кардарга жеке мамиледен улам жетишилди. Аяктап бара жаткан жыл Банкты түзүүдө баяндалган принциптердин натыйжасын текшерүү мезгили болду. Банк экономикалык бороон-чапкындардын басымына татыктуу туруштук гана бербестен, өсүп жана чыңдала алды деп канааттануу менен айтууга болот.