2020 – жылдан тарта 166 товарга бажы салымдарынын тарифи өзгөрөт

23.10.2019, 10:07 Акчабар
2020 – жылдан тарта 166 товарга бажы салымдарынын тарифи өзгөрөт

2020 – жылдын январь айынан тарта 166 товар чек арадан   жаңы бажы салымдары менен өтүп турат. Бул тууралуу бүгүн, 23 – октябрда ЖК жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев билдирди.

Эл өкүлү билдиргендей, 166 товардын ичине автоунаа дагы кирет. «Эгерде буга чейин бир автоунаага болгон бажы салым 500$ түзсө, жаңы жылдан тарта 5 миң $ чыгаары белгилүү болду. Айтылып жаткан 166 товарга болгон бажы салымдар дагы кымбаттаса, бул ишкерлерге кедергисин тийгизиши мүмкүн. Биздин ишкерлер Турция, Кытай мамлекеттери менен иштешет. Алар бул  166 товардын аттарын дагы, кандай товарлар экенин дагы билишпейт», - деп билдирди депутат. 

 Буга байланыштуу депутат,  өкмөткө 166 товардын аттарын атап кетүү керек экендигин билдирди. 

Тэги: Бажы тариф 166 товар бажы салым

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу