Akchabarsearch
    Ири коммерциялык банктар чыгымга учураса, мамлекеттик банктар кирешесин көбөйтүүдө

    Ири коммерциялык банктар чыгымга учураса, мамлекеттик банктар кирешесин көбөйтүүдө

    Кыргызстандын коммерциялык банктарынын финансылык баяндамасына ылайык, тогуз айдын жыйынтыгы боюнча комбанктар 24 млрд 844 млн сом таза пайда (баланстык пайда) алышкан. Бул  2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,5 млрд сомго көп. 

    Эң көп кирешени мамлекеттик “Айыл Банк” 5,8 млрд сом жана коммерциялык “Мбанк” 5,6 млрд сом алган.

    “Элдик Банк” 3,4 млрд сом жана “Бакай Банк” 2,5 млрд сом киреше тапкан. Ошондой эле, млрд долларлык пайданы “Оптима Банк” (1,8 млрд сом), KICB (1,7 млрд сом) жана “Демир Банк” (1,6 миллиард сом) алган.

    Эң аз таза кирешеге “Толубай” АКБ (26,4 млн сом) жана “ФинансКредитБанк КАБ” (25,2 млн сом) ээ болгон. Ошол эле учурда “Евразия сактык банкынын” да кирешеси азайган. Өткөн жылдын тогуз айында банктын кирешеси 23,3 млн сомго бааланганына карабастан, чыгымы 85,1 млн сомду түзгөн. 

    2023-жылдын тогуз айына салыштырмалуу “Мбанктан” (+2,9 млрд сом) тышкары мамлекеттик банктар таза кирешесин көбөйтүштү – “Элдик Банк” (+1,9 млрд сом), “Айыл Банк” (+1,8 млрд сом), ошондой эле “Керемет Банк” (Автордун эскертүүсү – Финансы министрлиги тарабынан акционердин алмашуусу тууралуу маалыматты расмий тастыктай элек) 326,2 млн сом. Таза кирешенин өсүшү боюнча кийинки орунда KICB (+310,7 млн ​​сом) жана “Бакай Банк” (+238,2 млн сом) турат. 

    Ошол эле учурда, "Евразия сактык банкын"эсепке албаганда, алты банктын таза киреше көрсөткүчтөрү бир топ төмөндөдү (-1,5 млрд сом). Киреше баарынан да “Оптима Банкта” жарым миллиарддан ашык сомго (-533,4 миллион сом), “Демир Банкта” 279,8 млн сомго азайган.

    Белгилеп кетсек, талдоого алынып жаткан мезгилде банктардын негизги кирешеси чет элдик валюта жана комиссиялык төлөмдөрдөн түшкөн. 


    Тектеш материалды окуу

    • Кыргыз банктарына киберкоопсуздук жетишпейт: ар бир экинчи сайт хакердик чабуулга алсыз

      Кыргызстандын банк секторунун санариптик абалына “жарака кетти”. Digital Resilience Association (DRA) жана TSARKA Kyrgyzstan тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, өлкөдөгү банктар менен микрофинансылык уюмдардын дээрлик жарымынын веб-сайттарында коопсуздуктун тынчсыздандырган деңгээли аныкталган
      2025-03-07 05:51:21
    • Кыргызстандагы банктар акча алмаштыруучу жайга айлануудабы?

      Акыркы беш жылда валюталык операциялар Кыргызстандын банктары үчүн негизги киреше булактарынын бирине айланды. Эгерде 2019-жылы алар банк системасынын жалпы кирешесинин болгону 4% тегерегин түзсө, 2024-жылы бул көрсөткүч 12.07%ке чейин өсүп, 33.3 миллиард сомду түздү. Чет өлкөлүк валюта менен операциялардан түшкөн киреше 19 эседен ашык көбөйдү.
      2025-18-06 06:34:01
    • QR-код колдонуу менен жүргүзүлгөн төлөмдөр рекорддук деңгээлге жетти

      Кыргызстан санариптик келечекке ишенимдүү кадам таштоодо: банкноттордун ордуна — смартфон, майда акчанын ордуна — QR-коддор. Накталай эмес операциялардын тез өсүшүнүн артында финансылык системанын ачыктыгына жана жеткиликтүүлүгүнө багытталган Улуттук банктын стратегиясы турат
      2025-17-06 08:06:46
    • «Керемет Банк» кардарлардын каражаттарынын 40%дан ашыгын жоготту

      Жыл башында эл аралык күн тартиби кыргызстандык банкирлердин күнүмдүк жашоосунун ажырагыс бөлүгүнө айланды. 15-январда АКШнын Каржы министрлигинин чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы (OFAC) санкциялык тизмесине уставдык капиталы боюнча эң ири банктардын бири (төртүнчү орун – 8 миллиард 698,7 миллион сом) “Керемет Банк” ААК киргенин жарыялады
      2025-09-06 11:29:18