Akchabarsearch
Кытайдын эң ири алтын кени дүйнөлүк баалуу металлдар рыногун өзгөртө алабы?
Сүрөт алынган жер: fintrac.io

Жарыяланган

2024-03-12, 15:07

Кытайдын эң ири алтын кени дүйнөлүк баалуу металлдар рыногун өзгөртө алабы?

Дүйнөлүк рынокто алтындын баасы калыбына келе баштады. Бирок, айрым талдоочулардын айтымында, Кытайда запасы 83 миллиард долларга бааланган эң ири алтын кенинин ачылышы келечекте анын баасына олуттуу таасир тийгизет.

2023-жылдын сентябрынан бери алтындын баасы тынымсыз өсүүдө (5-10 доллардын тегерегиндеги майда термелүүлөрдү эсепке албаганда). 2024-жылдын башынан бери баалуу металлдын баасы 32,3%га өсүп, 2 миң 669,6 долларды түздү. Алтындын арзандашы 15-ноябрга чейин уланды.

Жаңы кен тууралуу биринчи сөз болгондон кийин бир катар эксперттер бул факт алтындын келечектеги баасынын калыптанышына кандай таасир этээрин ойлоно баштады. Буга чейин “Акчабар” бул окуя КЭРдин Кыргызстанда өндүрүлгөн баалуу металлды сатып алуучулардын тизмесинен чыгуусуна себеп болушу мүмкүн деп жазган. 2023-жылы Кытай Кыргызстандан 115,4 миллион долларга алтын сатып алып, негизги сатып алуучу болгон. 2024-жылы, биринчи жарым жылдыкта сунуштун көлөмү 129,4 миллион долларга чейин өскөн.

Тоо-кен тармагынын адистеринин айтымында, кайсы гана кенди болбосун, өзгөчө 2-3 миң метрге чейинки тереңдикте казып, иштетүү татаал процесс. Инфраструктураны, анын ичинде алтынды кайра иштетүүчү заводдорду (ГРП) куруу убакытты жана ресурстарды олуттуу инвестициялоону талап кылат. Ошого карабастан, алтындын дүйнөлүк баасынын өсүшү дагы терең кендерди иштетүүнү экономикалык жактан пайдалуу кылат.

“Биз Кумтөрдү иштете баштаганда алтындын унциясы 300 доллардын тегерегинде болчу. Азыр анын баасы 2,6 миң долларга жетип, болжолдоолор 2025-жылы 3 миң долларга чейин өсүшү мүмкүн экенин көрсөтүүдө”, - дейт Кыргызстан тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын башкармалыгынын төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков “Акчабарга” берген маегинде.

Эксперт Кытайда алтын казып алуу ички суроо-талапты канааттандыра албаарын, мындан улам аталган өлкө бул металлды импорттой турганын белгилейт. Дүйнөлүк рыноктун алтынга толуп кетишин күтүүгө болбойт. Жогорку суроо-талап стратегиялык актив катары баалуу металлга туруктуу кызыгуу, анын улуттук резервдерди түзүүдөгү ролу, ошондой эле негизги тармактарда кеңири колдонулушу менен байланыштуу. Алтын уникалдуу физикалык жана химиялык касиеттеринен улам электроникада, медицинада жана аэрокосмостук өнөр жайда өтө зарыл.

Эл аралык алтын кеңешинин маалыматы боюнча, экинчи кварталда эле өлкөлөр алтын-валюта резервин толуктоо үчүн 65,35 тонна алтын сатып алышкан. Баалуу металлдарды сатып алууда Польша менен Индия лидер болсо, Түркия алдыңкы үчтүккө кирет.

Кыргызстан да өзүнүн алтын-валюта резервдерин жигердүү көбөйтүүдө. Октябрь айынын акырына карата Улуттук банктын маалыматы боюнча, алар бир ай мурункуга салыштырмалуу 14,71%га же 633,05 млн долларга көбөйгөн.
Кыргызстан алтын өндүрүүчү өлкө катары аны сатып алууда Улуттук банкка жана Министрлер кабинетине артыкчылык укугун берет. Запастарды толтуруу үчүн көзөмөл органы Кыргызстандын алтынын сатып алат.

Мындан тышкары, алтын өлкөнүн негизги экспорттук товары бойдон калууда. 2024-жылдын биринчи сегиз айында республика 639,4 миллион долларлык 8,7 тонна алтынды экспорттогон.

Кошумчалай кетсек, дүйнөлүк деңгээлде алтын запасы боюнча АКШ 8 миң 133,5 тонна менен лидер бойдон калууда, андан кийин Германия (3 миң 351,5 тонна) жана ЭВФ (2 миң 814 тонна) турат. Алтынчы орунда Орусия 2 миң 335,9 тонна жана жетинчи орунда Кытай 2 миң 264,3 тонна көрсөткүч менен турат.


Тектеш материалды окуу

  • Шайлоодо үгүтчүлөргө акы төлөө: Талапкерлер эмнени билиши керек?

    Кыргызстанда 30-ноябрга белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо жакындап, талапкерлердин шайлоо өнөктүгүн уюшкандыкта жана ачык-айкын өткөрүү мезгили келди. Кампаниянын негизги маселелеринин бири - анын каржылануусу жана шайлоочулар менен байланышты камсыздаган агитаторлордун эмгек акысы болуп саналат.
    2025-25-11 04:43:50
  • Улуттук банк банктардын тарифтерин жана комиссияларын көзөмөлдөгүсү келет

    Кыргызстандын Улуттук банкы банктардын жана төлөм кызматтарынын тарифтерин жөнгө салган эрежелерге өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады. Эгер документ кабыл алынса, банктарга, микрофинансылык уюмдарга жана төлөм сервистерине кредиттерге жогору пайыздык чендерди жана жашыруун комиссияларды коюу кыйла татаал болот
    2025-28-10 03:14:24
  • Кыргызстандагы жаңы «Алма Финанс Банктын» артында кытайлык бизнес-конгломерат турат

    Бишкекте “Алма Финанс Банк” ЖАК деп аталган жаңы каржы мекемеси каттоодон өттү. Улуттук банк анын түзүлүшүнө уруксат берди, бирок рынокко чыгыш үчүн банк жөнгө салуучудан лицензия алышы керек. Бир караганда, бул банк секторунун кадимки экспансиясы болуп көрүнөт.
    2025-17-09 14:00:44
  • Валюталык пайданын алтын доору аяктады: банктардын кирешеси 2 млрд сомго кыскарды

    Кыргызстандык банктардын январь-июль айларына карата каржылык отчеттору чет элдик валюта менен жүргүзүлгөн операциялардан түшкөн кирешенин азайганын көрсөтүп жатат. Бул киреше 2 миллиард сомдон ашык суммага кыскарып, 17,9 миллиард сомду түздү. Бир-эки жыл мурун ишенимдүү киреше булагы болуп эсептелген бул тармак бүгүнкү күндө банктардын каржылык туруктуулугунун кепилдиги болбой калууда
    2025-15-09 06:53:03