Akchabarsearch
Пайызсыз насыяны кайсы жерден алууга болот?

Пайызсыз насыяны кайсы жерден алууга болот?

Пайызсыз насыяны издөөдө ар кандай банктардын сунуштарын изилдөө, пайыздык чендерди салыштыруу жана шарттарын түшүнүү, ошондой эле мүмкүн болгон кошумча чыгымдарды эске алуу зарыл.

Керектөө насыясы - насыянын эң белгилүү түрлөрүнүн бири болгон шартта, Кыргызстанда анын пайыздык чендери жылдык орточо 17ден 25%га чейин. Бул карыздык каражаттарды пайдалануу үчүн олуттуу ашыкча төлөө дегенди билдирет. Ошондуктан, эң төмөнкү пайыздык чен менен насыя табуу кыйын.  

“Акчабар” рынокто толук пайызсыз кредиттер барбы деген суроонун алкагында кредит рыногуна саресеп салды. Изилдөө көрсөткөндөй, жеке каржы институттары ашыкча төлөмдөрдү минималдаштырууга мүмкүндүк берген өзгөчө шарттарды сунуштайт. Мындай сунуштар, адатта, бизнести колдоо программаларынын алкагында табылып, кээ бир банктар пайызсыз керектөө насыялары менен атайын акцияларды өткөрүшөт. Алардын арасында “ДемирБанк” да бар, ал бүгүнкү күндө өз кардарларына welcome- кредит деп аталган насыяны сунуштайт. Бул банктар тарабынан жаңы кардарларды тартуу үчүн колдонулган атайын сунуштун бир түрү. Ал жеңилдетилген же “ДемирБанктагыдай” толук пайызсыз болушу мүмкүн.

Ошентип, бул акциянын алкагында банктын жаңы кардарлары алты айга чейинки мөөнөткө 15 миң сомго чейинки пайызсыз онлайн насыя ала алышат. Акция декабрь ичи болот. Насыя алуу үчүн “DemirBank” мобилдик банкинг аркылуу эсеп ачып жана тиркеме аркылуу онлайн арыз берүү керек. Андан кийин каражат кардардын эсебине банк кеңсесине барбастан же кошумча документтерди тапшырбастан түшөт.

Рынокто мындай сунуштардын (же акциялардын) чектелген санын эске алып, “Акчабар” акциянын узартылышы жана аны ишке ашыруунун себептери тууралуу банкка кайрылды.

Банктан биздин редакцияга билдиришкендей, акция жаңы жылдын алдында кардарларга ашыкча төлөбөй, кыялдарын ишке ашырууга жардам берүү максатында башталган.

“ДемирБанк 27 жылдан бери банктык кызматтарды кардарлар үчүн мүмкүн болушунча жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылууга умтулуп келет. Бул колдоо гана эмес, кардарлардын ишенимин бекемдөөдөгү маанилүү кадам болуп саналат, ал ар дайым биздин башкы приоритетибиз болуп кала берет”, - деп түшүндүрдү банктан.

Учурда жылына 0% менен насыя - бул акцияга дал келген атайын сунуш. Бирок, эгерде демилге жогорку суроо-талапты жана оң натыйжаларды көрсөтсө, банк ушул сыяктуу акцияларды үзгүлтүксүз өткөрүшү мүмкүн.

“Акция башталгандан бери кардарлардын кызыгуусу кыйла өстү. Жылдык 0% менен насыя алууга арыздар күтүлгөндөн да активдүү түшүп жатат. Банк ошондой эле жаңы кардарлардын санынын көбөйүшүн жана позитивдүү пикирлерди жазып жатат, бул демилгенин жогорку натыйжалуулугун көрсөтүп турат”, — дейт аталган банктын басма сөз кызматы.

Бул продукттун эч кандай жашыруун шарттары жок. Баары ачык-айкын. Бирок, банк дагы кардардан ачык-айкындыкты күтөт. Башкача айтканда кардар да насыяны өз убагында жана толук төлөшү керек. Бул шарттар бузулган учурда, банк кардардан акчаны колдонгону үчүн негиздүү түрдө жылына 16,99% (эффективдүү чен 18,8%) өндүрүп алат. 


Тектеш материалды окуу

  • Шайлоодо үгүтчүлөргө акы төлөө: Талапкерлер эмнени билиши керек?

    Кыргызстанда 30-ноябрга белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо жакындап, талапкерлердин шайлоо өнөктүгүн уюшкандыкта жана ачык-айкын өткөрүү мезгили келди. Кампаниянын негизги маселелеринин бири - анын каржылануусу жана шайлоочулар менен байланышты камсыздаган агитаторлордун эмгек акысы болуп саналат.
    2025-25-11 04:43:50
  • Улуттук банк банктардын тарифтерин жана комиссияларын көзөмөлдөгүсү келет

    Кыргызстандын Улуттук банкы банктардын жана төлөм кызматтарынын тарифтерин жөнгө салган эрежелерге өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады. Эгер документ кабыл алынса, банктарга, микрофинансылык уюмдарга жана төлөм сервистерине кредиттерге жогору пайыздык чендерди жана жашыруун комиссияларды коюу кыйла татаал болот
    2025-28-10 03:14:24
  • Кыргызстандагы жаңы «Алма Финанс Банктын» артында кытайлык бизнес-конгломерат турат

    Бишкекте “Алма Финанс Банк” ЖАК деп аталган жаңы каржы мекемеси каттоодон өттү. Улуттук банк анын түзүлүшүнө уруксат берди, бирок рынокко чыгыш үчүн банк жөнгө салуучудан лицензия алышы керек. Бир караганда, бул банк секторунун кадимки экспансиясы болуп көрүнөт.
    2025-17-09 14:00:44
  • Валюталык пайданын алтын доору аяктады: банктардын кирешеси 2 млрд сомго кыскарды

    Кыргызстандык банктардын январь-июль айларына карата каржылык отчеттору чет элдик валюта менен жүргүзүлгөн операциялардан түшкөн кирешенин азайганын көрсөтүп жатат. Бул киреше 2 миллиард сомдон ашык суммага кыскарып, 17,9 миллиард сомду түздү. Бир-эки жыл мурун ишенимдүү киреше булагы болуп эсептелген бул тармак бүгүнкү күндө банктардын каржылык туруктуулугунун кепилдиги болбой калууда
    2025-15-09 06:53:03