Akchabarsearch
1-октябрда пенсия 1 миңден 10 миң сомго чейин көбөйтүлөт

Жарыяланган

2026-10-08, 15:55

1-октябрда пенсия 1 миңден 10 миң сомго чейин көбөйтүлөт

2026-жылдын 1-октябрынан тарта Кыргызстанда пенсионерлердин пенсиясы кеминде 1000 сомго, эң көп 10 миң сомго чейин көбөйтүлөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. 

1-октябрда пенсионерлердин пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгү 20%га көбөйтүлөт. Бирок ошол эле учурда башында айтылгандай кеминде 1000 сомдон, эң көп 10 миң сомдон кошулат. 

Аны менен бирге 1-октябрдан тарта минималдуу пенсия 8.8 миң сомду түзөт: пенсияга  жаңы чыга тургандарга кеминде 8.8 миң сом пенсия коюлуп берилет. Азыр минималдуу пенсия 7.1 миң сомду түзөт. 

Алдын ала эсеп боюнча, 2026-жылдын 1-октябрына карата Кыргызстанда пенсионерлердин саны 832.4 миң кишини түзүп калат. Быйылкы жылга пенсияны көбөйтүү үчүн Соцфонддун бюджетинен кошумча 4.4 млрд сом каралууда.

1-октябрдан кийин өлкөдөгү орточо пенсия 12 миң 898 сомду түзүп калат. 


Тектеш материалды окуу