
Жарыяланган
2026-23-06, 11:36Быйыл 1-сентябрдан тарта мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгы көтөрүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап жатып билдирди.
Анын айтымында, 2022-жылдан бери мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысы орточо эсеп менен 110 %га, ал эми муниципалдык кызматкерлердики 153 %га көбөйтүлдү.
Эми быйыл 1-сентябрдан тартып аталган кызматкерлерге иштин татаалдыгы жана натыйжалуулугу үчүн кошумча төлөмдөрдү 50%га чейин көбөйтү, ошондой эле 15 миң сом өлчөмүндө компенсациялык төлөм киргизүү пландалууда.



