
Жарыяланган
2026-12-11, 14:13Кыргызстанда азыр 100 миң сом жана андан көп пенсия алган пенсионерлер убагында Социалдык фондго миллиондогон сом акча которгон. Бул тууралуу Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.
Анын айтымында, иштеген жылдар аралыгында Соцфондго жалпы 8 млн сом, 20 млн сом, ал турсун 80 млн сом которгон жарандар бар. Мына ошол жарандар азыр чоң пенсияларды алып жатат.
"Бул жарандар ошончо акча которуп, анын эсебинен Социалдык фонд көп кишиге пенсия төлөп келген. Ошондуктан алардын пенсиясы да көп", - деди ал.



