Akchabarsearch
    150 миң эмес, 100 миң сом. Унаасынын айнектерин караңгылаткысы келгендер үчүн акция өткөрүлөт

    Жарыяланган

    2025-21-05, 12:21

    150 миң эмес, 100 миң сом. Унаасынын айнектерин караңгылаткысы келгендер үчүн акция өткөрүлөт

    Унааларды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик автоунаанын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксатты арзан баада алуу боюнча эки айлык акция өткөрө турганын жарыялады.

    Акция 1-июндан 1-августка чейин уланат. Анын жүрүшүндө айдоочулар 100 миң сом төлөп, унаанын айнегин караңгылатууга уруксатты үч жылга ала алат. Учурда айдоочулар бир жылдык уруксатты 50 миң сомго алышат. 

    Эскерте кетсек, быйыл январь-март айларында унаанын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксат алган жарандардын эсебинен өлкө бюджетине 180 млн 240 миң сом түштү. 


    Тектеш материалды окуу