Akchabarsearch
2026-жылдан тарта 6 жылдык эмгек стажы жоктор пенсияга чыга албайт

Жарыяланган

2025-24-10, 16:58

2026-жылдан тарта 6 жылдык эмгек стажы жоктор пенсияга чыга албайт

Кыргызстанда келерки жылдан тарта пенсияга чыгуу үчүн кеминде 6 жылдык стаж керек болот. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде Социалдык фонддун Коомчулук менен иштөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурзат Жакиева билдирди.

Анын айтымында, 2024-жылдын 1-июлунда мыйзам өзгөрүп, беш жылдык минималдык стаж кирген. Ага чейин эркектер 63 жашында – 25 жылдык, аялдар 58 жашында – 20 жылдык стаж менен пенсияга чыкса, азыр алар ошол эле жаш куракта беш жылдык минималдуу стаж менен пенсионер боло алат. Бул норма быйылкы жылдын аягына чейин иштейт.  

Келерки жылдын башынан тарта минималдуу стаж бир жылга көтөрүлүп, кеминде алты жылдык стажы барлар пенсияга чыгууга укуктуу болот. Минималдык стаж жыл сайын көтөрүлүп отуруп, 2045-жылдан баштап 20 жылды түзөт. Минималдык стажы болбогондор пенсияга чыга албай калат. Аларга мамлекет тарабынан жөлөкпул берилиши мүмкүн.  

Эскерте кетсек, эмгек стажды эсептөөдө жарандын иштеген жылдары эске алынат: 1996-жылга чейинки маалымат эмгек китепчесинен алынат, 1996-жылдан кийинкиси камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөнү каралат.

Ошондой эле камсыздандыруу төгүмдөрү төгүлбөгөн учурлар да – окуу жайда билим алган (диплом болушу шарт), баласын үйдө карап отурган (3 жашка чейин), аскерде кызмат өтөгөн, ишсиз катары каттоодо туруп, жумушсуздук боюнча жөлөкпул алган жана майып балдарын баккан мезгил эмгек стаж катары эсептелет. 


Тектеш материалды окуу