Akchabarsearch
2026-жылы жаңы жөлөкпул кирет, бирок аны алуу үчүн "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулунан баш тартыш керек болот

Жарыяланган

2025-22-09, 18:03

2026-жылы жаңы жөлөкпул кирет, бирок аны алуу үчүн "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулунан баш тартыш керек болот

Бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинде "Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамынын долбоору каралып, үч окууда жактырылды. 

Мыйзам долбоорунда бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын аймактарда жашаган көп балалуу энелерге бир жолку "Бала береке" төлөмүн киргизүү каралган. 

Баяндама жасаган социалдык камсыздоо министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдиргендей, аталган төлөм төртүнчү жана андан кийин төрөлгөн бала үчүн берилет. Анын суммасы 100 миң сомдон  башталып 2 миллион сомго чейин жетет. Акча бала бир жашка чыкканда төлөнөт. Мыйзам 2026-жылы күчүнө кирип, төлөм 2027-жылдан тарта бериле баштайт. Бул төлөмдү берүүгө 2027-жыл үчүн 6.6 млрд сом каралган. Ал бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын аймактардагы элдин саны өсүшү үчүн жана ал жакта жашаган көп балалуу энелерге колдоо көрсөтүү үчүн берилет. 

Ошондой эле аталган мыйзам долбоорунда бийик тоолуу аймактарда, алыскы жетүүгө кыйын конуштарда жана өзгөчө макамы бар айрым чек ара аймактарында жашаган үй-бүлөлөр үчүн жаңы жөлөкпул киргизүү каралган. Ал "бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" деп аталып, 2026-жылдан тарта бериле баштайт. 

Бул жөлөкпул аталган аймактарда жашаган жарандарга үчүнчү жана кийинки төрөлгөн балдарына алар үч жашка чыкканга чейин берилет (жөлөкпул 3 миң сомду түзөт). 

"Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" жөлөкпулу үй-бүлөнүн бай же кедей экенине карабай берилет. Бирок "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алып жаткан аз камсыз болгон үй-бүлөлөр аталган жаңы жөлөкпулду алам десе азыркы ("үй-бүлөгө көмөк") жөлөкпулунан баш тартышы керек болот. Тактап айтканда ал экөөнү бир убакта ала албайт: "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун же "бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" жөлөкпулун тандаш керек болот. 


Тектеш материалды окуу