
Жарыяланган
2026-30-03, 12:05“Салык Сервис” мамлекеттик мекемеси салык карызы бар жарандардын бересесин банктагы эсебинен өндүрүп алуу жол-жобосу кандай иштей турганын түшүндүрдү. Белгилей кетсек, бул өзгөртүүнү караштырган токтом долбоору жакында эле коомдук талкууга чыгарылган.
Мекеме белгилегендей, учурда Кыргызстанда 435 миңден ашык жарандын салык карызы бар. Орточо алганда алар 3 жылдан бери төлөнө элек. Орточо карыз болсо 2 миң сомду түзөт. Ар бир кечиктирилген күн үчүн 0.09% туум жазылат. Айлап-жылдап карызды төлөбөй жүрө бергени үчүн бир топ жарандар соңунда карызды, ага кошо ошончо туумду төлөп калышат.
“Салык Сервис” банктагы эсептен карызды өндүрүү механизмин киргизүү жарандар үчүн эле оң жактары бар экенин белгилейт: ашыкча туум жазылбайт, чет өлкөгө чыгууга тыюу салуу сыяктуу чаралардын ордуна карыз банк аркылуу өндүрүлүп алат, салык төлөп жаткан башка жарандардын алдында адилеттик болот. Ошондой эле салык карызын өндүрүүгө кеткен чыгымдар азаят: азыр 1000 сом карызды өндүрүү үчүн бир нече орган ишке тартылат.
Салыктык карызды өндүрүү кандай иштейт?
1. Салык кызматы жаранга канча салык, канчасына чейин төлөш керектиги тууралуу билдирүүнү салык төлөөчүнүн жеке кабинетине (эгер катталган болсо) жөнөтөт.
2. Карыз убагында төлөнбөсө, каттоо дареги боюнча дагы бир билдирүү жиберилет. Анда эсептелген салык менен макул болуу же макул болбосо, сотко кайрылуу үчүн 30 күндүк убактысы бар экени эскертилет. Салык кызматы кат тапшырылганы тууралуу почтадан ырастоону күтөт.
3. Салыктын төлөнүшү үчүн 30 күн берилет.
4. Эгер карыз төлөнбөсө же жаран сотко кайрылбаган болсо, анда Салык кызматы банктарга кайрылып, карызды өндүрүүгө киришет.
5. Эгерде жарандын банктагы эсебинде же элекрондук капчыгында акчасы болсо, банк карыздын суммасын анын эсебинен алып, бюджетке которот.
Аталган мекеме Салык кызматы жарандардын жеке эсептерине кире албай турганын, ал жерде канча акча бар экенин да билбей турганын, карызды банктар аркылуу өндүрүп аларын белгилейт.
Белгилей кетсек, учурда Салык кызматы карызы бар компаниялардын же жеке ишкерлердин бересесин дароо банк аркылуу өндүрүп ала алат. Эми бул норма жарандарга да тиешелүү болуп калат.



