Akchabarsearch
Шаржа - Тамчы боюнча аба каттамы ачылат
Сүрөт алынган жер: www

Жарыяланган

2026-12-06, 13:26

Шаржа - Тамчы боюнча аба каттамы ачылат

Бириккен Араб Эмираттарынын Air Arabia компаниясынын учактары Шаржа шаарынан (БАЭ) Ысык-Көлдүн Тамчы айылындагы Ысык-Көл аэропортуна уча баштайт. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” компаниясы билдирди.

Маалым болгондой, каттам жайкысын аткарылат. Учурда учактар качан уча баштай турганы, жумасына канча каттам аткарылары боюнча иштери жүрүүдө. 

“Кыргызстан аэропорттору” бул каттамдын ачылышы менен Бириккен Араб Эмираттарынан жана Перс булуңундагы өлкөлөрдөн Ысык-Көлгө келген туристтердин саны арбыйт деп күтүүдө. 

Андан тышкары компания менен кышында Шаржа – Каракол аба каттамын ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. 
 


Тектеш материалды окуу