Akchabarsearch
Айбек Жунушалиев жери талашка түшкөнүн айткан “Рухий-Мурас” конушунун тургуну менен жолукту

Жарыяланган

2026-12-08, 15:30

Айбек Жунушалиев жери талашка түшкөнүн айткан “Рухий-Мурас” конушунун тургуну менен жолукту

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жери талашка түшкөн «Рухий-Мурас» конушунун тургуну менен жолукту. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалым болгондой, 2006-жылы аталган жаранга жер тилкесин берүү жөнүндө токтом чыккан. Бирок бүгүнкү күнгө чейин ал аталган документтин негизинде жерге болгон укугун мыйзамда белгиленген тартипте жол-жоболоштуруп, каттоодон өткөрө алган эмес.

Кийинчерээк бул жер тилкеси бир адамдар тарабынан беш жолу кайра сатылып, натыйжада жер боюнча талаш жаралган. Учурда аталган маселе боюнча соттук териштирүүлөр жүрүп жатат.

Жолугушуунун жүрүшүндө сунушталган документтер жана келип чыккан талаштын жагдайлары каралып, талкууга укук коргоо органдарынын, шаардык кызматтардын өкүлдөрү жана коңшу үйлөрдүн жашоочулары катышкан.

Жолугушуунун жыйынтыгында Айбек Жунушалиев тиешелүү кызматтарга сунушталган документтерди кылдат изилдеп чыгып, жер тилкесин мыйзамдардын талаптарына ылайык жол-жоболоштуруу маселесин кароону тапшырган. Ал эми укук коргоо органдарына өз компетенциясынын чегинде көмөк көрсөтүү милдети жүктөлгөн.
 


Тектеш материалды окуу