Akchabarsearch
    «Айыл Банк» газдаштырууга 200 миң сомго чейин насыя бере баштады

    Жарыяланган

    2023-25-07, 11:30

    «Айыл Банк» газдаштырууга 200 миң сомго чейин насыя бере баштады

    "Айыл Банк" ААК “Газдаштыруу” программасынын алкагында “Газпром Кыргызстан” менен күрөөсүз негизде насыя бере баштады. Бул тууралуу аталган банктын сайтына жарыяланды. 

    Бул насыя турак жайлардын, бизнес-жайлардын жылытуу казандарын орнотууга жана газдаштыруу кызматтарына акы төлөөгө арналган. 

    “Насыянын суммасы 200 миң сомго чейин. Пайыздык чен жылдык 18 %ды түзөт. Мөөнөтү күрөөсүз негизде 24 айга чейин”, - деп айтылат маалыматта. 

    Белгилеп кетсек, 31-августка чейин "Айыл Банк" ААКтан газдаштырууга насыя алган кардарлар үчүн "Газпром Кыргызстан" ЖЧКдан 3 миң сомго чейин газдаштыруу кызматтарына арзандатуу каралган. 


    Тектеш материалды окуу