Жарыяланган
2025-27-05, 09:00Айыл Банк Кыргызстандагы Кызыл жарым ай коому менен биргеликте «Гуманизм багытында бирге» аттуу кайрымдуулук иш-чарасын өткөрүп, анын алкагында Ысык-Көл облусундагы ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 42 жаранга заманбап майыптар арабасы берилди.
Гуманитардык жардамды тапшыруу аземи Каракол шаарында өтүп, ага "Айыл Банк" ААКсынын Башкармасынын төрагасы Тилек Алимджанов жана Кызыл жарым ай коомунун Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн директору Жыпара Кадыралиева катышты.
Иш-чаранын алкагында төмөндөгүлөр берилди:
• 5 даана электр менен жүрүүчү чоңдор үчүн араба — бышык, жыйналуучу рамасы, ыңгайлуу отургуч жана жөлөнгүчү бар, 120 кг чейин көтөрө алат;
• 25 даана чоңдор үчүн кол менен айдалуучу араба — ишенимдүү, бышык материалдан жасалып, резина дөңгөлөктүү;
• 12 даана балдар үчүн атайын ылайыкташтырылган механикалык араба — күнүмдүк колдонууга ылайыкталган жана баланын дене түзүлүшүн эске алуу менен жасалган.
Арабалар жардамга муктаж экенин тастыктаган жана Кызыл жарым ай коомунун облустук бөлүмүнө кайрылган жарандар арасынан түзүлгөн тизмеге ылайык берилди.
Жардам алуучулардын үй-бүлөлүк курамы, киреше деңгээли жана жашоо шарттары эске алынып, социалдык макамы текшерилген. Уюмдун кызматкерлери арыз бергендердин үйлөрүнө барып, тактоо иштерин жүргүзүшкөн.
Ден-соолугуна байланыштуу же кандайдыр бир себептерден улам иш-чарага келе албай калган жарандардын үйлөрүнө жеткирилип берилди. Бул процесс Айыл Банктын жана Кызыл жарым ай кызматкерлеринин көмөгү менен ишке ашты.
«Гуманизм багытында бирге» демилгеси биздин социалдык стратегиябызды ишке ашыруудагы маанилүү кадам. Бул бир жолку акция эмес, Айыл Банктын мамлекеттик, жоопкерчиликтүү институт катары карманган баалуулуктарынын жүзөгө ашкан көрүнүшү. Бүгүнкү күн – жардамга муктаж жарандарга колдоо көрсөтүү менен жарандык коом өкүлдөрү менен болгон кызматташтыгыбызды дагы да бекемдеди», — деп билдирди Айыл Банктын Башкармасынын төрагасы Тилек Алимджанов.
Улуттук банктын лицензиясы № 048