Жарыяланган
2025-23-10, 09:44Айыл Банк аймактардагы калкка финансылык кызматтарды жеткирүү, айыл чарбасын өнүктүрүү, мамлекеттик программаларды ишке ашыруу жана экономиканын реалдуу секторуна колдоо көрсөтүү максатында Тоң районунун Ж. Бөкөнбаев айылында жаңы филиалын ачты.
Буга чейин Тоң аймагы Балыкчы филиалы аркылуу тейленип келген, эми кызмат көрсөтүү калк үчүн дагы ыңгайлуу жана натыйжалуу болот. Филиалда 17 адис иш алып барып, кардарларга жогорку деңгээлдеги тейлөө жана жекече мамиле көрсөтүүнү камсыздайт.
Жаңы филиал кардарларга банк кызматтарынын толук спектрин сунуштайт, анын ичинде:
— эсеп ачуу жана карт кызматтары;
— төлөмдөр жана акча которуулар;
— депозиттер жана валюталык операциялар;
— чакан жана орто бизнести каржылоо;
— айыл чарбасын колдоо;
— керектөөчү кредиттик жана лизинг программалары.
Жаңы филиалдын ачылышы Тоң районунун жана жалпы Ысык-Көл облусунун тургундары үчүн маанилүү окуя болуп, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана жергиликтүү экономиканын өнүгүшүнө өбөлгө түздү.
Учурда Айыл Банктын филиалдарынын саны өлкө боюнча 41ге, ал эми сактык кассаларынын саны 60ка жакын.
Дареги: Ж. Бөкөнбаев айылы Ленин көчөсү №75
Байланыш: 5511
Сайт: www.ab.kg
Ишеним телефону: +996 (770) 551 100
WhatsApp: +996 990 55 11 00
E-mail: office@ab.kg
Улуттук банктын №48 лицензиясы