Akchabarsearch
Кыргызстан 1.1 млрд сомго ак май экспорттоду

Жарыяланган

2025-23-10, 15:41

Кыргызстан 1.1 млрд сомго ак май экспорттоду

Кыргызстандан быйыл чет жакка 2 миң 305.4 тонна ак май (сливочное масло) экспорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат. 

Кыргызстандын ишканалары чыгарган ак май Россия, Казакстан, Өзбекстан, Монголия жана АКШга кеткен. Анын жалпы баасы 1 млрд 113.5 млн сом болгон. 

Анын көбүн – 1.5 миң тоннаны Россия (800.4 млн сом) жана 773.1 тоннаны Казакстан (303.8 млн сом) сатып алган. Дагы 23.9 тонна Өзбкестанга (4.7 млн сом), 8 тонна Монголияга (4.3 млн сом) жана 400 килограммы АКШга (366 миң сом) экспорттолгон.

Чет жакка экспорттолгон майдын килограммынын орточо баасы 483 сомдон болгон. 


Тектеш материалды окуу