Akchabarsearch
«Элдик Банк» менен «Кыргызстан» камсыздандыруу компаниясы «Такафул» продукту боюнча кызматташат

Жарыяланган

2025-23-10, 14:09

«Элдик Банк» менен «Кыргызстан» камсыздандыруу компаниясы «Такафул» продукту боюнча кызматташат

«Элдик Банк» ААК менен ««Кыргызстан» Камсыздандыруу компаниясы» ЖАК «Такафул» (исламдык камсыздандыруу) продукту боюнча кызматташтык келишимине кол коюшту.

«Элдик Банк» ААК менен ««Кыргызстан» Камсыздандыруу компаниясы» исламдык камсыздандыруу чөйрөсүндө стратегиялык кызматташтык келишимин түзүштү. Өнөктөштүктүн алкагында өлкөбүздүн жарандары Шариатка ылайык келген, риба (пайыз), гарар (белгисиздик) жана майсир (кумар оюндары) элементтерисиз "Такафул" системасы боюнча камсыздануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Элдик Банктын өкүлдөрү, «Такафул» продуктунун ишке кириши банктын адилеттүү каржылык продукттарын кеңейтүүгө жана ислам принциптерине ылайык каржылоого кызыккан кардарлардын муктаждыктарын канааттандырууга болгон аракетин чагылдырат деп белгилешти.

— Биз, «Кыргызстан» Камсыздандыруу компаниясы менен «Такафул» продукту боюнча кызматташтык аймагыбызда исламдык каржылардын өнүгүүсүнө күчтүү дем кошот деп ишенебиз. Бул кызматташтык биздин кардарлар үчүн камсыздануу жана ишеним аспабы болуп каларын үмүт кылабыз, — деди «Элдик Банк» ААКнын Ислам терезесинин жетекчиси Эстер Аймукамбетов.

Тараптар кардарларга биргелешкен сунуштарды кеңейтүү жана исламдык каржы кызматтары сегментиндеги таасирин күчөтүү максатында өнөктөштүктү өнүктүрүүнү пландаштырууда.


Тектеш материалды окуу