Akchabarsearch
«Айыл Банк» уставдык капиталын 60 млрд сомго көбөйтөт
Сүрөт алынган жер: www

Жарыяланган

2026-04-03, 10:24

«Айыл Банк» уставдык капиталын 60 млрд сомго көбөйтөт

«Айыл Банктын» жалгыз акционери болгон Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик банктын уставдык капиталын 60 млрд сомго көбөйтүү тууралуу чечим чыгарды. Мындай чечим 3-мартта акционерлердин кезексыз чогулушунда кабыл алынган. 

Банктын уставдык капиталы кошумча акцияларды чыгаруу жолу менен көбөйтүлөт. 

Ошондой эле акционер “Айыл Банктын” уставынын жаңы редакциясын бекитип, банкты юстиция органдарында каттоодон өткөрүү тууралуу чечим чыгарган.

Андан тышкары Директорлор кеңешинин чечими менен Чыңгыз Мендеев башкармалыктын мүчөсү – башкаруучу директор болуп дайындалган.
 


Тектеш материалды окуу