
Жарыяланган
2026-08-04, 11:23Айыл чарба министрлиги үчүн 63 атайын техника сатып алынды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Аталган техниканын 40ы мамлекеттик бюджеттин эсебинен алынган. Ал үчүн 128 млн сомго бөлүнгөн. Калган 23 унаа эл аралык институттардын колдоосу менен сатып алынган.
Эми жаңы техника министрликтин райондук суу чарба башкармалыктарына берилет.
Бүгүн, 8-апрелде өкмөт башчы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда атайын техникаларды министрликке тапшыруу аземи болду.




