Akchabarsearch
Былтыр Кыргызстандан чет жакка 13.5 млн сомго банан сатылды

Жарыяланган

2026-08-04, 15:33

Былтыр Кыргызстандан чет жакка 13.5 млн сомго банан сатылды

Былтыр Кыргызстандан чет жакка 13.5 млн сомго банан сатылды. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Чет жакка 376 тонна банан сатылган. Банан эки өлкөгө  - Өзбекстанга (353.9 тонна) жана Түркмөнстанга (22.1 тонна) кеткен. 

2024-жылы болсо Кыргызстандан чет жакка 154.9 тонна банан сатылган. Анда да бананды Өзбекстан менен Түркмөнстан сатып алган. 
 


Тектеш материалды окуу