Жарыяланган
2024-16-09, 12:12"Кыргызалтын" ААКнын аткаруу органынын курамында өзгөртүүлөр болду. Маалыматты Кыргыз фондулук биржасынан билдиришти.
Айша Карпаева мамлекеттик компаниянын башкармалыгынын мүчөсү, ошондой эле төрагасынын орун басары болду.
Мындай чечимди компаниянын директорлор кеңеши 2024-жылдын 11-сентябрында кабыл алган.