Akchabarsearch
    Акылбек Жапаров кызматтан кетти

    Жарыяланган

    2024-16-12, 10:29

    Акылбек Жапаров кызматтан кетти

    Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгонун “Акчабардын” өздүк булактары тастыктады.

    Малыматка ылайык, Акылбек Жапаров бүгүн, 16-декабрда президенттик аппараттын кызматкерлери менен коштошту.

    Акылбек Жапаров 2021-жылдын октябрынан бери Кыргызстандын министрлер кабинетин жетектеп келген.

    Азырынча Адылбек Касымалиев Кыргызстандын министрлер кабинетинин башчысынын жана президенттик аппараттын жетекчисинин милдетин аткарат.


    Тектеш материалды окуу