
Жарыяланган
2025-22-12, 10:15“Элдик банктын” уставдык капиталы 4.85 млрд сомго көбөйтүлөт. Мындай чечим акционерлердин 17-декабрда өткөн кезексиз жыйынында кабыл алынды.
Уставдык капиталды көбөйтүү үчүн банк 4 млрд 846 млн 807 миң сомго кошумча акция чыгарат.
Белгилей кетсек, 30-ноябрга карата банктын уставдык капиталы 76 млрд 328.1 млн сомду түзгөн. Кошумча акция чыгарылгандан кийин ал 81.2 млрд сомго жетет.



