
Жарыяланган
2026-10-07, 11:38Чүй облусунун Аламүдүн районунун Достук айыл өкмөтүнүн «Ынтымак-Достук» муниципалдык ишканасына айып салынды. Бул тууралуу Экология министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, буга чейин социалдык тармактарга Ленин айылында Аламүдүн суусу таштандыга толуп калганы тартылган видео тараган. Видео чыккандан кийин министрликтин, «Ынтымак-Достук» ишканасынын жана облустук милициянын кызматкерлери сууну таштандыдан тазалаган.

Таштандыга толгон суу тазаланбаганы үчүн министрлик «Ынтымак-Достук» муниципалдык ишканасына 17 миң сом айып салган.

Андан тышкары жергиликтүү тургундарга айлана-чөйрөнү таза сактоо, таштандыны белгиленген жерлерге гана ыргытуу керектиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.



