
Жарыяланган
2026-29-04, 10:05Ош облусунун Араван районунда картошка бышып, сатыкка чыкты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Араван райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын маалыматы боюнча, учурда дыйкандар түшүмүн жыйнап, дүң баада сатууда.
Бул өрөөндө картошка негизинен 20-майларда бышат. Бирок быйыл күндүн ысыгына байланыштуу эрте бышты.
Аравандын картошкасы жергиликтүү базарда жана Бишкек шаарында сатылат.
Белгилей кетсек, Араван районунда жалпы 1665 гектар жерге картошка эгилген.



