Akchabarsearch
Asman Airlines үчүн алына турган Airbus A321 учактары жыл аяктарында келет

Жарыяланган

2026-05-02, 16:11

Asman Airlines үчүн алына турган Airbus A321 учактары жыл аяктарында келет

Кыргызстандык Asman Airlines компаниясы үчүн сатып алына турган Airbus A321 учактары быйыл жылдын аяктарында келет деп пландалууда. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” компаниясынан билдиришти. 

Asman Airlines үчүн эки учак сатып алынат. Учактар каяктан, канча акчага сатып алынары так белгилүү боло элек, учурда сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. 

Аталган эки Airbus A321 учагы эл аралык каттамдар үчүн алынууда. Учактар келгенден кийин Жакынкы Чыгыш, КМШ өлкөлөрүнө учат деп пландалууда. Ошондой эле быйыл май айларында Кыргызстан Европа биримдигинин авиациялык кара тизмесинен чыкса, аталган биримдиктин кайсы өлкөлөрүнө каттоо маселеси каралат. 

Келе турган жаңы учактардын тышкы көрүнүшү: 

 


Тектеш материалды окуу