
Жарыяланган
2026-02-07, 10:28Автобуста валидатор иштебей калса, жол кирени төлөбөй койсо болот. Бул тууралуу Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талантбек Капаров билдирди.
Анын айтымында, валидатор иштебей калган учурда жаран жол кире төлөбөй, автобуста бекер жүрө алат.
Эскерте кетсек, 1-июлдан тарта Бишкекте автобустарда (электр автобус) жол кирени кагаз акча же тыйын менен алуу токтотулду. Жолк кирени накталай эмес гана төлөөгө болот.



