Жарыяланган
2025-25-06, 11:00Кыргызстанда автоунаа сатып алуу же сатуу жеңил болуп калды: эми унааны кайра каттоонун бардык этаптарын MegaPay мобилдик колдонмосу аркылуу онлайн бүтүрсө болот. Жаңы сервис колдонуучуларга автоунааны кайра каттоого, сатуу-сатып алуу келишимин түзүүгө жана мамлекеттик жаңы номерди* алууга мүмкүндүк берет — мамлекеттик органдарга баруу жана иш кагаздарын толтуруу зарылдыгы жок.
*Эгерде мамлекеттик номерге тастыктама бар болсо, транспорт каражатын кайра каттоодо тастыктаманын номерин жана унаанын номерин көрсөтүү жетиштүү. Ошондой эле каттоо-сынак бөлүмүн тандоо зарыл. Бүтүм аяктаганда сатып алуучу тандалган каттоо-сынак бөлүмүнө кайрылып, мамлекеттик эски номерди жана техникалык паспортту тапшырышы керек. Ордуна ал жаңы техникалык паспорт жана мамлекеттик жаӊы номер алат.
Сервисти ишке киргизүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиги жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси менен кызматташуунун аркасында мүмкүн болду.
Кайра каттоо процессин баштоо үчүн сатуучу:
1. «Сервистер» бөлүмүнө кирип, «Унаа» → «Автоунааны онлайн кайра каттоо» категориясын ачат;
2. Face ID аркылуу идентификациялоодон өтөт;
3. Автоматтык түрдө жүктөлгөн жеке маалыматтарды текшерет;
4. Кайра каттоо боюнча нускама менен таанышат;
5. «Унааны кайра каттоо» баскычын басат;
6. Колдонуучунун ИСНи боюнча катталган, тизмеде көрсөтүлгөндөрдөн керектүү унааны тандайт;
7. Сатып алуучунун ИСНин киргизип, сатуу суммасын көрсөтөт жана келишимди ырастайт.
Андан кийин, сатып алуучу жана сатуучунун жубайы билдирүү алат – экөө тең MegaPay колдонмосунда келишимди ырасташы керек. Бардык ырастоолордон кийин бүтүм 1 сааттан 1 жумуш күндүн ичинде бүтөт.
Каттоо үчүн эмне керек?
Сатуучу үчүн:
• MegaPay колдонмосу;
• Булуттуу электрондук кол тамга (эгерде БЭК жок болсо, аны MegaPay колдонмосунда бир нече мүнөттүн ичинде ала аласыз);
• Сатуучуга катталган транспорт каражаты (жеке жак);
• Акыркы техникалык кароо (30 күндөн ашык эмес);
• Эч кандай айып пулдар, камакка алуу же унаа күрөөдө болбошу керек.
Сатуучунун жубайы үчүн:
• MegaPay колдонмосу.
Сатып алуучу үчүн:
• MegaPay колдонмосу;
• Булуттуу электрондук кол тамга.
Маанилүү: сервис жеке жактардын ортосунда транспорт каражаттарын кайра каттоо үчүн гана иштейт жана транспорт каражатын баштапкы каттоого колдонулбайт.
Демек, MegaPay колдонмосу мамлекеттик органдарга баруунун зарылдыгы жок эле, колдонуучуларга процессти толук көзөмөлдөөнү камсыздоо менен автокелишимдери санариптештирүүнү жеткиликтүү жана коопсуз кылат.