Жарыяланган
2025-20-08, 09:31Юстиция министри жана Улуттук стратегиялык демилгелер институтунун директору Аяз Баетов медицина тармагындагы «ыктыярдуу төлөм» тууралуу өзүнүн көз карашын билдирди.
Эскерте кетсек, буга чейин ал бюрократияны жоюу боюнча жыйында официантка берилген чайпул туура көрүлүп, бирок дарыгерге берилген акча пара катары эсептелерин сөз кылып, бул туура эмес экенин айткан.
Кийинчерээк анын сөзү социалдык тармактарда кызуу талкууланып, "медиктерге чайпулду мыйзамдаштыруу" деген сөздөр жаңырган.
Анын айтымында, комиссия "медиктерге чайпулду мыйзамдаштыруу" деген сөздөрдү колдонгон эмес, антип ЖМКлар жазган.
Жыйында "ыктыярдуу төлөм" маселеси гана талкууланган. Эгер ал киргизилсе, акча дарыгер бейтапты карагандан кийин гана төлөнөт, баары ачык-айкын болуп, акча касса аркылуу гана өтөт. "Ыктыярдуу төлөмдүн" суммасы эң көп дегенде 3-5 миң сомдон ашпайт.
Ал бул жөн гана эксперттик пикир болгонун, өкмөт кандайдыр бир чечим кабыл албаганын айтты.