
Жарыяланган
2026-23-04, 13:52Жогорку Кеңеш “Баатыр эне” ордени менен сыйланган энелердин балдарына мамлекеттик окуу жайларда жеңилдик берүү боюнча токтом долбоорду кабыл алды.
Токтом долбоордун демилгечилеринин бири депутат Медер Чотоновдун айтымында, аталган документ менен “баатыр энелердин” балдарына мамлекеттик окуу жайларда контракт төлөөдө 50% жеңилдиктер берүү сунушталууда. Бул жеңилдик жеке окуу жайларда окуй тургандарга тиешелүү болбойт.
Депутат 1996-жылдан бери Кыргызстанда 43 миңдей эне “баатыр эне” ордени менен сыйланганын айтты.
Талкуудан кийин депутаттар аталган токтом долбоорду кабыл алды.



