2026-жылдын он айында 22 миң кыргызстандык чет өлкөлөргө мыйзамдуу түрдө жумушка орноштурулду. Бул тууралуу Жарандарды чет өлкөлөргө жумушка орноштуруу борборунун директору Бактыбек Кудайбердиев «Биринчи радионун» түз эфиринде билдирди.
Ош шаарында 71 гектар жерге «Ош Сити» IT шаарчасы курулууда. Долбоордун алкагында 17 миң 200 батир, үч мектеп, эки бала бакча, оорукана жана IT-хаб курулат.
Чүй облусунун Аламүдүн районунда 2026-жылдын тогуз айында негизги капиталга салынган инвестициялар 63.8%га көбөйүп, 3 млрд 298.8 млн сомго жетти. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 6-ноябрда районго болгон иш сапарында белгилүү болду.