Akchabarsearch
Баетов айылында 150 млн сомго маданий борбор салына баштады

Жарыяланган

2025-23-10, 13:01

Баетов айылында 150 млн сомго маданий борбор салына баштады

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында 3 кабаттуу коомдук маданий борбордун курулушу башталды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Анын курулушуна УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев капсула салган.

Маданий борбор Т. Жолдубаев менен А. Султаналиев көчөлөрүнүн кесилишинде салынууда. Курулуш иштерин “Барс Курулуш” компаниясы жүргүзүүдө. 

Аталган борбордун жалпы аянты 40 сотикти түзөт. Анын ичинде кинотеатр, китепкана, музей, иш бөлмөлөр болуп, тиешелүү шарттар түзүлөт. 

Имараттын курулушуна акча президенттин Турукташтыруу фондунан бөлүнөт. Аны салууга 150 млн сом кетет деп эсептелген. 

Курулуш иштери 2026-жылы бүткөрүлөт. 


Тектеш материалды окуу