Akchabarsearch
Балыкчы – Жалал-Абад жолунун бир бөлүгү кечки убактан эртең мененкиге чейин жабылып турат

Жарыяланган

2026-23-07, 11:02

Балыкчы – Жалал-Абад жолунун бир бөлүгү кечки убактан эртең мененкиге чейин жабылып турат

Балыкчы – Жалал-Абад жолунун бир бөлүгү күн сайын кечки убактан тартып эртең мененкиге чейин жабылып турат. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. 

Маалым болгондой, Балыкчы – Жалал-Абад жолундагы Нарын облусунун Жумгал районунун Сары-Булуң тилкеси кечки саат 20:00дөн эртең мененки 06:00гө чейин жабылып турат. Мындай чечим жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабыл алынган. 

Өкүлчүлүк Ысык-Көлгө бара тургандар болсо, аталган убакытты эске алып жолго чыгууну сунуштайт. 


Тектеш материалды окуу