
Жарыяланган
2026-02-10, 11:31Баткен облусундагы айылдардын 30 пайызында гана таза суу бар экен. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин "Ишеним" депутаттык тобунун 2-октябрдагы жыйынында депутат Исманали Жороев билдирди.
Анын айтымында, Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, Баткенде 222 айыл болсо, анын 85и гана таза суу менен камсыз болгон. Калган 137 айылда таза суу жок.
"Мындайча айтканда Баткендеги айылдардын 30 пайызында таза суу бар экен", - деди ал.
Айыл чарба министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу билдиргендей, азыр жанагы таза суу жок 137 айылдын 21ин таза суу менен камсыз кылуу иштери жүрүүдө. Анын айрымдарында долбоорлоо иштери жүрүп жатса, айрымдарында таза сууну тартуу иштери жүрүүдө. Жыл аягына чейин 3 айыл таза суу менен камсыз болот.



