
Жарыяланган
2026-03-09, 12:34Баткен облусунда мыйзамсыз акча алмаштырып иштеген жаранга айып салынды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Аталган жаранда чет элдик валютаны алмаштырып иштөө үчүн Улуттук банктын лицензиясы болгон эмес.
Ал лицензиясыз иштегени үчүн ага Улуттцук банктын Баткен облусундагы өкүлчүгү тарабынан 17.5 мин сом айып салынган.



