Жарыяланган
2025-21-07, 11:26Баткен облусунда кызыл сызыктан чыгып кеткен курулуштарды бузуу иштери уланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, мыйзам делген курулуштарды алуу иштери Сүлүктү шаарында жана Лейлек районунун Интернационал айылында Лейлек райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүдө.
"Мыйзамсыз курулуштарды иретке келтирүү иштеринин алкагында өз билемдик менен кызыл сызыктан чыгып кеткен 24 объект аныкталып, буздурулду", - деп айтылат маалыматта.