
Жарыяланган
2026-29-04, 10:25Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев студенттерге билим алууга жеңилдетилген насыя берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 29-апрелде парламенттин жыйынында айтты.
Бекешев окуу жайлардагы контракттын кымбаттыгы боюнча кеп кылып, азыр мамлекет мал баккандарга 3% менен жеңилдетилген насыя берип жатканын айтып, билим алууну каалагандарга да арзан насыя берүүнү сунуштады.
Анын айтымында, мамлекет үчүн керектүү кесиптерди, маселен, санариптештирүү, жасалма интеллект, программаллоо, медицина тармагын, окутуучулукту (ж.б.) тандагандарга 3% менен насыя берүүгө болот.
Ал 2027-жылдын бюджетине билим алууга насыя берүү үчүн акчаны караштырууну суранды.



