Жарыяланган
2025-06-10, 15:26Бектен Бекболотов суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Дайындоо тууралуу документке министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Бектен Бекболотов 1973-жылдын 10-октябрында туулган. 1997-жылдан тартып түрдүү мамлекеттик кызматтарда эмгектенип келген.