Akchabarsearch
    Бишкекте бензин кымбаттады: Аи-95 дээрлик 74 сомго чейин жетүүдө
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2025-20-05, 13:29

    Бишкекте бензин кымбаттады: Аи-95 дээрлик 74 сомго чейин жетүүдө

    Быйыл жыл башында Кыргызстанда бензин баасы арзандап, айдоочулардын таң калтырган. Анда борбор калаадагы май куюучу жайларда баа 3 сомго арзандаган. Баанын түшүшү мурун арзан баа менен алынган бензин сатылып жатканы менен түшүндүрүлгөн. Эми алар түгөнүп, бензиндин баасы кайра көтөрүлдү. Улуттук Статистика комитетинин маалыматы боюнча, 16-майга карата Бишкекте Аи-95 бензининин орточо баасы 73.9 сомду, Аи-92ники 65.47 сом түздү. Январда Аи-95 – 71.72 сом жана Аи-92 – 63.75 сом турган. 

    Статистика комитетинин маалыматын май куючу жайлардагы бааларды ырастап турат. Маселен Бишкектеги «Газпромдо» Аи-95тин литри 73.9 сомдон сатылууда. 

    Жыл башына караганда Аи-95 – 2.18 сомго жана Аи-92 – 1.72 сомго кымбаттаган.

    Өлкө боюнча алганда бензиндин баасы бир өңчөй эмес. Аи-95 бензини Караколдо 75.8 сомдон сатылууда. Бул өлкө боюнча эң кымбат баа. Эң арзаны Кара-Сууда – 71.4 сом. Ошто – 73.8, Баткен менен Нарында 75.4 сом турат.

    Ошондой эле дизелдин өлкөдөгү орточо баасы 73.61 сомду түздү. Ош менен Токтогулда баалар ортодон өйдө – 74.3 сом. 

    Быйыл жыл башындагы баанын арзандашы өлкөдө күйүүчү майга жаңы салыктын кириши менен туш келди. Белгилүу болгондой, Кыргызстанда унаа салыгы жоюлуп, анын ордуна күйүүчү майдын ар бир литринен 1 сомдон алына баштады. 

    Январдагы баанын арзандашы жаңы салык эл үчүн сезилбегендей жол менен киргизүү аракетине окшошуп кетет. Ага күйүүчү май ташыгандарда мурун арзан баада сатып алган запастарынын болгону өбөлгө түздү. Эми ал запастар сатылып бүткөндөн кийин баалар кайра көтөрүлө баштады. 


    Тектеш материалды окуу

    • Бишкекте бензин кымбаттады: Аи-95 дээрлик 74 сомго чейин жетүүдө

      Быйыл жыл башында Кыргызстанда бензин баасы арзандап, айдоочулардын таң калтырган. Анда борбор калаадагы май куюучу жайларда баа 3 сомго арзандаган. Баанын түшүшү мурун арзан баа менен алынган бензин сатылып жатканы менен түшүндүрүлгөн. Эми алар түгөнүп, бензиндин баасы кайра көтөрүлдү. Улуттук Статистика комитетинин маалыматы боюнча, 16-майга карата Бишкекте Аи-95 бензининин орточо баасы 73.9 сомду, Аи-92ники 65.47 сом түздү. Январда Аи-95 – 71.72 сом жана Аи-92 – 63.75 сом турган.
      2025-20-05 07:29:29