Akchabarsearch

Жарыяланган

2026-19-08, 11:52

Беш айда Кыргызстанга 317.9 млн сомго тоңдурулган балык импорттолду

2026-жылдын январь-май айларында Кыргызстанга 317.9 млн сомго тоңдурулган балык импорттолду. Бул тууралуу Статистика комиетитинин маалыматында айтылат.

Өлкөгө жалпы 1 миң 443.5 тонна тоңдурулган балык ташып келинген.

Тоңдурулган балык Кыргызстанга 15 өлкөдөн импорттолгон.

Былтыркы жылдын беш айына караганда быйылкысында импорт 1 миң 42.4 тоннага азайган. 2025-жылдын беш айында болсо 2 миң 485.9 тонна импорттолгон. 


Тектеш материалды окуу