
Жарыяланган
2026-21-08, 15:57Бишкек шаарынын бюджетинин кирешеси беш жылда дээрлик 5.6 эсеге өстү. Бул тууралуу мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев быйылкы жарым жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегиянын жыйынында билдирди.
Ал баяндамасында айткандай, 2026-жылы Бишкектин бюджетине 47.8 млрд сом түшөт деп план коюлган. Алты айдын жыйынтыгы менен бюджетке 22.6 млрд сом түшүп, план 15.1%га ашыгы менен аткарылган. Натыйжада планда каралган көрсөткүчтөн 3 млрд сомго көп каражат түшкөн.
Салыктык кирешелер 14.4 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын алты айына караганда 5 млрд сомго өскөң.
Салыктык эмес кирешелер боюнча план 3.3%га ашык аткарылган.



