Akchabarsearch
Быйыл 1-октябрдан тарта эң аз пенсия 8.8 миң сомду түзүп калат

Жарыяланган

2026-04-08, 15:14

Быйыл 1-октябрдан тарта эң аз пенсия 8.8 миң сомду түзүп калат

Быйыл 1-октябрдан тарта эң аз пенсия 8.8 миң сомду түзүп калат. Бул тууралуу министрлер кабинетиинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Кабар” агенттигине курган маегинде билдирди. 

Анын айтымында, быйыл пенсия элге сезиле тургандай көтөрүлөт. Маселен мурда пенсия 200, эң көп 500 сомго көтөрүлсө, эми андан кыйла көбүрөөк кошулат. 

Азыр минималдуу пенсия 7.1 миң сом болсо, быйыл 1-октябрдан кийин ал 8.8 миң сомду түзүп калат: минималдуу пенсия 1.7 миң  сомго көбөйөт. 

Ошондо 1-октябрдан тарта жаңы пенсияга чыккан жаран эң аз дегенде 8.8 миң сом пенсия ала баштайт. 


Тектеш материалды окуу