
Жарыяланган
2026-27-03, 15:39Быйыл эки айда бюджетке кумарканалардан 90.4 млн сом салык түштү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалыматында айтылат.
Аталган сумманын ичинен 85.2 млн сомдой акчаны казинолор, 3.6 млн сомун – оюн автоматтары, 1 млн сомун – букмекердик жайлар менен тотализаторлор жана 669.8 миң сом – электрондук (онлайн) кумарканалар төлөгөн.
2025-жылы январь-февраль айында кумарканалардан бюджетке 61.6 млн сом салык жыйналган.



