
Жарыяланган
2026-23-04, 11:34Быйыл эки айда Кыргызстанга чет жактан 168.5 млн сомго кофе импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Өлкөгө январь-февраль айларында 135.9 тонна кофе ташып келинген.
Кофе Кыргызстанга 10 өлкөдөн импорттолгон. Анын көбү Россия (64.2 тонна), Казакстан (41 тонна) жана Бразилиядан (18 тонна) сатып алынган.
Былтыркы жылдын эки айына караганда кофенин импорту көбөйгөн. 2025-жылы январь-февраль айларында 76.2 тонна кофе ташып келинген.



