
Жарыяланган
2026-27-04, 13:33Быйыл эки айда Кыргызстанга 10.4 млн сомго линолеум импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Маалым болгондой, январь-февраль айында өлкөгө жалпы 90.6 миң чарчы метр линолеум импорттолгон. Анын жарымынан көбү Кытайдан келген: дээрлик 56.3 миң чарчы метр. Дагы 29.7 миң чарчы метри Өзбекстандан, 4.5 миң чарчы метри Россиядан сатып алынган.
Былтыр январь-февраль айында өлкөгө 161.8 миң чарчы метр линолеум импорттолгон.



