
Жарыяланган
2026-01-07, 12:15Быйыл төрт айда Кыргызстандан чет жакка 55.2 млн сомго бал экспорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Чет жакка жалпы 185.5 тонна бал сатылган.
Балдын көбү Өзбекстанга (103.3 тонна), Кытайга (34.9 тонна), Японияга (20.6 тонна), Бириккен Араб Эмираттарына (9.4 тонна) жана Катарга (6.5 тонна) кеткен.
Кыргызстандан бал сатып алган өлкөлөрдүн катарында Азербайжан, Афганистан, Бахрейн, Иордания, Казакстан, Кувейт, Оман, Корея, Россия, Улуу Британия бар.



