
Жарыяланган
2026-04-09, 11:58Быйыл бешинчи ирет уюштурула турган Элдик курултай 18-декабрда өткөрүлөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Жарлыкка ылайык, курултайга 700 делегат катышат. Алардын катарында чет жактагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү болушат.
Эскерте кетсек, Элдик курултай 2022-жылдан бери өткөрүлүп келет. Анда ал 25-26-ноябрда өткөн.
Андан кийин курултайлар 2023-жылы - 15-16-декабрда, 2024-жылы - 20-21-декабрда, 2025-жылы - 25-26-декабрда болгон.



