
Жарыяланган
2026-23-06, 13:15Былтыр Нарын облусуна бюджетинде бекитилгенден дээрлик үч эсе көп акча бөлүндү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жумгал районунун тургундары менен болгон жолугушууда билдирди.
Анын айтымында. 2021-жылы облус бюджети 960 млн сом болуп келген. Былтыркы жылдын жыйынтыгы менен ал 2 млрд 334 млн сомдон ашты. Башкача айтканда, 2,5 эсеге өстү.
"Жыл сайын өсүп бараткан мындай көрсөткүчтөргө бюджет түзүүчү тармактарды тартипке келтирип, көзөмөлдү күчөтүп, жоопкерчиликке басым жасалгандыктан, улам жетишип келебиз. Мына ошондуктан, республиканын консолидацияланган бюджети 2025-жылы 1 трлн 100 млрд сомдон ашып отурат", - дейт ал.
Ал билдиргендей, 2025-жылы Нарын облусунун бюджети 2,3 млрд сом болуп бекитилгени менен, жыл соңунда облуска 7 млрд 680 млн сом бөлүндү. Башкача айтканда, бекитилген бюджеттен дээрлик 3 эсе көп каражат берилген.



